Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиев козголгон кылмыш иши боюнча айыптуу деп табылып, 25-декабрдагы сот отурумунда 10 жылга кесилди. Андан сырткары мүлктөрү мамлекеттин эсебине өткөрүлө турган болду. Шадиев чет өлкөдө болгону үчүн соттун чечими сырттан окулду.
Кылмыш ишине катыштыгы бар чиновниктердин сырттан камалышы Кыргыз жеринде кадимки көрүнүшкө айланып бара жатат. Соттук чечимдердин күчү жок, кылмышкерлер чет өлкөдөн келбейт. Ошону менен бирге жазага да тартылбайт.
SUPER.KG порталынын "Чиновниктерге алгач качып кетүүсүнө шарт түзүп берип, анан сыртынан соттой берүү оң жыйынтык алып келеби?" деген соболуна саясий серепчи Нурсултан Акылбек жооп берди.
Ал сырттан соттоонун жол-жобосун өзгөртүш керек деген пикирде.
“Сырттан соттоо деген норманын кереги барбы же жокпу? Балким, кылмышка шектүү сотко катышканда гана чечим чыгара турган практикага өтүшүбүз керек. Тилекке каршы, чыныгы коррупцияга каршы күрөш баштала элек. Сырттан соттоо коррупцияга каршы күрөшкө кандайдыр бир таасир берет дегенден алысмын. Системдүү, комплекстүү күрөш керек. Бирок биздин мамлекеттик систем өзү коррупция менен түзүлгөн. Жогорку Кеңеш акча менен түзүлөт, дайындоолор корррупция жолу менен болот. Систем коррупция менен түзүлүп жатса, өзүнө каршы күрөш жүргүзө албайт да. Ошондуктан чыныгы коррупцияга каршы күрөшүү үчүн мамлекеттин түзүлүшүн түп тамыры менен өзгөртүү керек деп ойлойм. Эң негизгиси коррупцияны жоюу үчүн саясий эрк керек. 27 жылдан бери ушул көйгөйдөн арыла албай келе жатабыз”, - деди ал.
Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков, юрист Икрамидин Айткулов, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев, жарандык активист Адил Турдукуловдун жообу бул шилтемеде.