Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиев козголгон кылмыш иши боюнча айыптуу деп табылып, 25-декабрдагы сот отурумунда 10 жылга кесилди. Андан сырткары мүлктөрү мамлекеттин эсебине өткөрүлө турган болду. Шадиев чет өлкөдө болгону үчүн соттун чечими сырттан окулду.
Кылмыш ишине катыштыгы бар чиновниктердин сырттан камалышы Кыргыз жеринде кадимки көрүнүшкө айланып бара жатат. Соттук чечимдердин күчү жок, кылмышкерлер чет өлкөдөн келбейт. Ошону менен бирге жазага да тартылбайт.
SUPER.KG порталынын "Чиновниктерге алгач качып кетүүсүнө шарт түзүп берип, анан сыртынан соттой берүү оң жыйынтык алып келеби?" деген соболуна саясат таануучу Сейтек Качкынбаев жооп берди.
Ал кылмышка тиешеси бар саясатчылардын өлкөдөн чыгып кетишине шарт түзүп берген тийиштүү органдарды жазага тартса болот дейт.
“Мамлекетке толук демократия, жоопкерчилик орномоюнча, мындай адат кайталана берет. Бул иштин прагматикалык жактан пайдасы да болушу мүмкүн. Мисалы, Азиз Батукаевди “каралардын” дүйнөсүн кыргыздар башкарсын” деген ниетте атайын качырган деген маалыматтар да бар. Анын өлкөдөн чыгып кеткенинин талкууланбай жатканы да ошондон. Ал эми саясатчылар өлкөдөн чыгып кетишсе, алардын мүлкүн алып коюу оңой болот. Мамлекетке өткөрүлөт же кызыкдар тараптар арзан баада сатып алып коюшат. Негизи саясатчылар өлкөдөн качып кетип жатканда УКМК, Башкы прокуратура кайда эле? Мындан улам аталган органды да жоопко тартса болот. Толук демократиялык мамлекет болбогонубуз үчүн мындан башка маселелерге да жооп ала албайбыз”, - деди Качкынбаев.
Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков, юрист Икрамидин Айткулов, саясий серепчи Нурсултан Акылбек жана жарандык активист Адил Турдукуловдун жообу бул шилтемеде.