Коммерциялык банктардан мүлк сактаган кардарлардын маалыматын алуу убактылуу токтотулду

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы коммерциялык банктардан мүлк сактаган кардарлардын маалыматын алууну убактылуу токтотту. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда SUPER.KG'ге аталган кызматтын басма сөз катчысы Махабат Токторбаева кабарлады.

Анын айтымында, буга өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин жаңы токтомго кол койгону түрткү болду.

"Айрым ЖМКлар Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы коммерциялык банктардан мүлк сактаган кардарлардын маалыматын алуудан баш тартты деп маалымат таратып жатат. Бул туура эмес. Болгону "Террордук ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү" боюнча мыйзамды ишке ашыруу үчүн 14 жободон турган жаңы токтом кабыл алынды. Жаңы токтом кабыл алынгандыктан иш автоматтык түрдө убактылуу токтотулду. Эми ишти жаңы токтомдун негизинде жүргүзүп баштайбыз", - деди Токторбаева.

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын коммерциялык банктардан мүлк сактаган кардарлардын маалыматын берүүнү талап кылган каты 18-декабрда интернетке жарыяланган.

Андагы маалыматка ылайык, бул боюнча буйрук 6-декабрда чыгарылганы жана мындай иш-аракеттер "Террордук ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү" боюнча мыйзамды сактоого багытталганы көрсөтүлгөн.

Бул парламентте жана коомдо талап сынга алынган. 25-декабрда аталган кызматтын төрагасы Гүламжан Анарбаевге сөгүш жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан