Бүгүн, 27-декабрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында соттук реформа боюнча кеңештин экинчи жыйыны өтүүдө.
Жыйынга президент Сооронбай Жээнбеков, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Жогорку Кеңештин депутаттары Тынчтык Шайназаров, Эмил Токтошев, Канатбек Керезбеков жана сот тармагынын өкүлдөрү катышууда.
Күн тартиби менен президент Сооронбай Жээнбеков тааныштырды. Анда 4 маселе каралуусу күтүлүүдө. Жүргүзүлүп жаткан соттук реформанын алкагында кабыл алынуучу айрым чаралар жөнүндө жарлыгын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу, Райондор аралык сотторду жоюу маселеси боюнча жумушчу топтун маалыматы угулат.