Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев чет өлкөлүк мигранттар боюнча маселени көтөрдү.
"Бүгүн коомчулукта жана интернетте чет мамлекеттен келгендердин Кыргыз жарандыгын алуусу боюнча, кыргыз кыздарыбызга үйлөнгөнү жөнүндө ар кандай маалыматтар чыгып жатат. Айрым туура эмес маалыматтарды биз да байкап жатабыз. Кимге таянуу керектигин түшүнбөй жатабыз.
Буга байланыштуу парламенттин жыйынына вице-премьер Жеңиш Разаковду, тышкы иштер министрин, ички иштер министрин, Чек ара кызматынын жана Миграция кызматынын төрагаларын чакырып, алардан туура маалыматты жана статистиканы алалы. Февраль айынын башында жыйын өткөрсөк болот. Иликтеп угуп, коомго туура маалыматты жеткирели. Азыр ар ким ар кандай нерселерди айтып жатат", - деди Төрөбаев.