Бүгүн, 27-декабрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында соттук реформа боюнча кеңешинин жыйыны өтүп жатат.
Президент Сооронбай Жээнбеков айрым мамлекеттик органдарда реформага барууга саясий эрк жетишпей жатканын айтты.
"Укук коргоо жана көзөмөл органдары эски мыйзамдардан кеткиси келбей жатат. Ал эми айрым мамлекеттик органдарда реформага барууга саясий эрк жетишпей жатат. Кээ бир жетекчилер жаңы укуктук мейкиндикке өткөндү жактырбай жатат. Жаӊы кодекстерде жаңы институттарды ишке киргизүү каралган. Алардын ичине Бирдиктүү реестр, тергөө судьясы, тергөө кабинетин жана сот залдарын санариптештирүү, пробация сыяктуу институттар кирет. Соттук-укуктук реформанын ийгиликтүү жүрүшү ушул жаңы институттардын ишине жараша болот. Сотторго жана укук коргоо органдарына элдин ишеничи кайтарылат", - деди президент.