Бүгүн, 27-декабрда парламенттин жалпы жыйынында депутат Бакирдин Субанбеков жол кырсыгы боюнча маселени көтөрдү.
Депутат ИИМдин маалыматына таянып, 11 айда 5 миң 798 жол кырсыгы катталганын айтты.
"Анын кесепетинен 600дөн көп киши каза болуп, 8 миңден ашык адам түрдүү жаракат алыптыр. Мындай жоготуулар негизинен коопсуздукту сактабагандыктан да болуп жатат. Жол кырсыктарынын басымдуу бөлүгү айдоочулардын ылдамдыкты ашырып айдаганынан болууда. Андан сырткары мас абалында унаа айдагандар да себепчи болуп жатат. Бейкүнөө кишилердин өмүрүнө кокустан балта чаап албайлы. Шашкан балдарды көзөмөлдөп туралы. Эң баалуу нерсе - адамдын өмүрү", - деди Субанбеков.
Субанбеков тийиштүү органдар кырсыктардын алдын алуу үчүн иш-чараларды өткөрүп, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү керектигин кошумчалады.