Бүгүн, 27-декабрда парламенттин жалпы жыйынында "Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө" мыйзам долбоору 3-окууда каралып, добуш берүүгө жиберилди.
Баяндамачы депутат Мирлан Бакиров аталган мыйзам долбоорун кабыл алуу республикадагы үрөнчүлүктүн өнүгүүсүнө тоскоолдук болгон эки негизги маселени чечүүгө жол берерин айтты.
"Биринчиден, айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү сертификатталган сорттуу үрөндөрдү төмөндөтүлгөн баада сатып алууга мүмкүндүк алышат. Бул түшүмдүүлүктү жана өндүрүлгөн продукциянын сапатын жогорулатууда оң натыйжага алып келет. Экинчиден, үрөнчүлүк чарбаларына өстүрүлгөн үрөндөрдү толугу менен дотациялык баада сатууга мүмкүндүк берет. Муну менен алар өздөрүнүн каржылык абалын бекемдеп, сертификатталган сорттуу үрөндөрдү өндүрүүнүн көлөмүн бир кыйла жогорулата алат", - деди эл өкүлү.
Учурда республика аймагында 109 үрөн чарбасы бар. Алар 31 миң гектар жерге үрөн өстүрүү менен алектенет.