Депутат: "Унаа" ишканасында иштегендердин "мамлекеттик кызматкер" статусу жок болсо, айдоочулук күбөлүктү кантип беришет?"

Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Абдыбек Дүйшалиев "Унаа" мамлекеттик ишканасы тууралуу маселени көтөрдү.

"Өкмөт жакында эле "Унаа" мамлекеттик ишканасын түзгөнүн, ал жарандарга техникалык паспорттор менен автоунаа айдоочуларынын күбөлүктөрүн бере турганын жарыя кылды. Жарандык кодексте "мамлекеттик мекеме" деген түшүнүк бар, демек ал "мамлекеттик ишкана" дегенди билдирет. Мыйзамга ылайык, мамлекеттик мекеме коммерциялык чарбачылык субъектиси болуп саналат. Ал эми өкмөттүн жобосунда "мамлекеттик мекеме" деген түшүнүк камтылбай калган", - деди депутат.

Ал аталган ишканада иштеген адамдарда "мамлекеттик кызматкер" деген статусу жок экенин да кошумчалады.

"Менимче, азыр "Унаа" мамлекеттик ишканасында иштеген адамдардын "мамлекеттик кызматкер" статусу жок, анан кантип алар жарандарга техникалык паспорттор менен автоунаа айдоочулардын күбөлүктөрүн бере алат?" - деп нааразы болду эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jelezo
2018-12-27 15:34:43
Токой чарба кызматчыларын эмнеге айтбайсыңар алар деле мамлекетин токойунда кызмат калышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан