12 жаштагы Адеми мындан 2 жыл мурун кандын рак илдетине кабылган. Учурда өспүрүм кызы оор илдет менен алышып жатканын көрүп жүрөгү тилинип жатканын айтып SUPER.KG порталына апасы Заира Маматсаева кайрылды.
Маматсаеванын айтымында, мындай сыноо алардын үй-бүлөсүнүн башына түшкөндөн тартып кызынын саламаттыгы үчүн эч нерсесин аябай күрөшүп келе жатышат.
"2016-жылдын август айлары болчу. Ошол кезде кызымдын мурду канап баштады, мен күндүн ысыгынан го деп ойлогом. Кийин бутунда майда кызыл тактар пайда болду. Кызымды алып аймактык ооруканага бардым, ал жерден мурду канап жүргөнүн айтып, тактарын көрсөттүм. Дарыгерлер тез аранын ичинде гематологиялык ооруканага барышыбыз керек экенин билдиришти.
Гематологиялык ооруканага барганда бизди дароо жаткырышты, ал жерден васкулит (кан тамырдын сезгенүүсү) деген оору деп айтышкан. Бирок бир күндөн кийин аты жаман илдетти мага угузушту. Кызымдын оорусун уккан ошол күндү эстесем азыр да көзүмдөн жаш куюлуп, жүрөгүм кысылып кетет. Абдан оор күн болду, кызымдын рак илдетине кабылганына ишенгим келген жок. Анан Москвага да анализ тапшырдык, ал жактан да ушул эле кандын рагы деген анализ келди.
Ошентип биз Адеминин саламаттыгы үчүн күрөшө баштадык. 9 ай бою онкологиялык ооруканада жатып дарыландык, химиялык дарылануудан өттүк. Химия алгандан кийин кызымдын табити жоголуп, ордунан турбай жатып калды. Бирок дарыланууну улантып жатып жакшы болуп, дарыгердин көзөмөлүндө үйгө чыгарылдык", - дейт Маматсаева.
Бул учурда Адеми оорусун көп эстебей, бир туугандары менен ойноп, чачтары өсүп, көңүлү ачылып калган. Кызынын абалына ата-энеси да кубанып калган. Бирок бул кубаныч көпкө созулбай, кызынын сол көзү көрбөй калганы белгилүү болгон. Офтальмологдор көзүнүн бул абалы рак оорусуна байланыштуу экенин айтышкан.
"Андан кийин Адеминин бетинин бир тарабы да сезүүсүн жоготту. Ал бетинин бир жагын өзү башкара албай жатат. Дарыгерлер кайрадан медициналык кароодон өткөрүп, тез аранын ичинде сөөктүн ичиндеги чучукту алмаштыруу операциясын жасоо зарыл экенин түшүндүрүштү. Бирок бул үчүн 45 миң доллар акча керектелет экен. Кызыбыздын жылдап кеткен дарылануусуна болгон нерсебиздин баарын жумшадык, эми коомчулуктан, өспүрүм кыздын өмүрүнө кайдыгер карабагандардан жардам суроого аргасыз болуп турабыз. Керектелүүчү каражатты топтоо өзүбүздүн колдон келбей жатат, убакытты созбоо керек болгондуктан кайрымдуу жарандардан жардам сурайм.
Адеми өзү 3 бир тууган, агасы жана сиңдиси бар", - дейт кейиген эне.
Адеминин операциясына жардам берүүнү каалагандар (996) 770 686-443 номерине байланышса болот. Банктык эсеп Маматсаева Заира Эмилбековнанын атында "РСК БАНК", БИК:129001, Эсеп: 1299083510000053, Эсеп картасынын номери: 000001584650/90802417351600000487.