Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз өкмөтү менен Казакстан өкмөтүнүн ортосундагы мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланды.
Талкуунун жүрүшүндө депутат Экмат Байпакбаев чет элдик туристтер үчүн Ысык-Көл визасын киргизүүнү сунуштады.
"Египетте Синай визасы деген түшүнүк бар экен, ошонун аналогунда Кыргыз мамлекети Ысык-Көл визасын киргизүүнү Маданият, маалымат жана туризм министрлигине сунуштайм", - деди эл өкүлү.
Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу депутаттын айтканын карап көрөрүн билдирди.
Аталган мыйзам долбоору экинчи окууга добуш берүүгө жөнөтүлдү.