Депутат парламенттин телеканалы, музейи, китепканасы болушу керектигин айтты

"Парламент өнүккөн өлкөлөрдө парламентаризмдин өзүнүн музейи, китепканасы болушу керек. Бизге да парламентаризм музейин ачууну сунуштайм". Мындай пикирин депутат Айнуру Алтыбаева бүгүн, 27-декабрда парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Алтыбаева Кыргыз мамлекетинде парламентаризмди өнүктүрүү боюнча сүйлөп жатып Жогорку Кеңештин телеканалын жана парламентаризмдин музейин ачуу керектигин айтты.

"Биз жакында Жогорку Кеңештин 80 жылдыгын белгиледик. Өлкөнүн өнүгүүсү үчүн парламенттик демократияны өнүктүрүү абдан маанилүү. Парламент өнүккөн өлкөлөрдө парламентаризмдин өзүнүн музейи, китепканасы болушу керек. Биз барып көргөн парламенттерде өзүнүн телеканалы бар. Жогорку Кеңеш эмне менен алек болуп жатканын эл билиши керек. Бул элдин парламентке болгон ишенимин көтөрөт", - деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Medina87
2018-12-27 16:52:59
Даараткана да ачтырып алгыла.
+1
Ali-han
2018-12-27 18:28:48
Өзүңөр эле акча чогулта койсоңор китепкана музей телеканал сауна гостиница ачып аласыңар!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан