"Чыпалак баатыр" каймана аты менен белгилүү болгон Зарылбек Аликенов чагымчыл билдирүүлөрү үчүн ички иштер бөлүмүнө алып келинди. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Белгилүү болгондой, Аликенов өзүнүн социалдык түйүндөрдүн бириндеги баракчасына кыргыз кыздарынын Кытай жарандарына турмушка чыгып жатканына нааразычылыгын жана кытайлык кыргыздардын зомбулукка кабылып жатканын айтып, коомчулукту унчукпай отурбай күрөшүүгө, патриот болууга чакырган.
"Зарылбек Аликенов социалдык тармактардагы билдирүүлөрү үчүн Ысык-Ата райондук милиция бөлүмүнө алып келинип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аны менен профилактикалык баарлашуу өткөрүлгөн соң коё берилди", - деди басма сөз катчы.