Жергиликтүү сотторго кошумча 56 штат бирдигин киргизүү үчүн бюджеттен 185 миллион сом каражат талап кылынат

Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеӊеште "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.

Сот департаментинин маалыматына караганда, 2019-жылдын 1-январынан тарта жаӊыдан кабыл алынган Кылмыш-процесстик кодекси ишке киришет. Ошондон улам "Тергөө судьясы" институтун киргизүү максатында, жергиликтүү сотторго кошумча 56 штат бирдигин киргизүү сунушталды.

"Тергөө судьясы" институту шаардык жана райондук сотторго гана киргизилет. Ал эми облустук жана райондор аралык соттор экинчи баскыч болгондуктан, өз алдынча кылмыш иштерин карабайт, биринчи баскычтын гана чечимдерин карайт.

Кыргыз мамлекетинде 72 жергиликтүү сот болсо, анын ичинде 8 облустук сот, 8 райондор аралык сот, 56 шаардык жана райондук сот бар. Ошондон улам, мыйзам талабын аткаруу максатында, судьялар кеӊеши 56 жаӊы штат бирдигин ачуу чечимин кабыл алган. Ал үчүн бюджеттен 185 миллион сом өлчөмүндө кошумча каражат талап кылынат.

Жыйынтыгында бардык фракциялардын макулдугу менен экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kechirmeni
2018-12-27 18:05:47
сразу эле миллиондрн суйлошот. Эми анча акчаны эмне кылып иштетишет?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан