Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңеште Кыргыз мамлекети менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Digital CASA" - Кыргыз Республикасы" долбоорун каржылоо тууралуу макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин айтымында, "Digital CASA" долбоору 2019-жылдан тарта ишке ашырыла баштайт.
"Долбоордун алкагында, санариптик маалыматтардын баары дата-борбордо сакталат. Анын операторлору сынак аркылуу тандалып алынат. Кызыкдар тараптар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү", - деди төрага.
Дүйнөлүк банк “Digital CASA” долбоорун каржылоо үчүн 50 миллион доллар өлчөмүндө каражат бөлүүгө даяр. Анын 50 пайызы насыя жана 50 пайызы грант болуп саналат. Насыя 38 жылдык мөөнөт менен берилүүдө.
Долбоор төрт компоненттен турат:
- Телекоммуникациялык инфратүзүмдү өнүктүрүү;
- Санариптик платформаларды жана "акылдуу" чечимдерди өнүктүрүү;
- Санариптик экономика үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү жана институционалдык өнүктүрүү;
- Программаларды башкаруу жана санариптик лидерликти өнүктүрүү.