Жол кырсыгынан улам жубайынан ажырап, кичинекей кызынын бир бутун кестирген жаран: "Айдоочуга жеңил жаза берип коюшту"

Ушул жылдын 9-февралындагы бир аялдын өлүмүнө жана 1 жаш 8 айлык наристенин бир бутунан ажырашына себеп болгон жол кырсыгына күнөөлүү адам 7 жылга шарттуу кесилген. Мындай маалыматты келинчегинен ажыраган Жыргалбек Чотонов SUPER.KG'ге билдирип, буларды айтты.

Анын айтымында, келинчегинин өлүмүнө жана наристесинин майып болуп калышына себепкер болгон айдоочуга жеңил жаза берилип калган.

"Кыштан бери эле сот иштери менен жүрөм. Жубайымды сүзүп кетип өлүмүнө себепкер болгон айдоочуну Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 7 жылга шарттуу эркинен ажыратты. Жол кырсыктары "кырсык" деп бааланып, жаза жумшак болот турбайбы. Биз буга нааразы болдук, анан шаардык сотко кайрылдык. Бишкек шаардык соту ишти карап райондук соттун чечимин күчүндө калтырып койду. Андан соң Жогорку Сотко кайрылдык. Ал жактан иш каралып, кайрадан Бишкек шаардык сотуна өткөрүлүп берилди. Шаардык сот болсо чечимди эч кандай өзгөрткөн жок. Азыр эми кайда кайрыларымды билбей турам, бирок дагы күрөшөм", - деди Чотонов.

Жыргалбек Чотонов буга чейин SUPER.KG'ге "Биз кырсыкка күнөөлүү айдоочунун жакындарына "тосмо арыз жазып берели, жөн гана жардам берсин" деп жатабыз. Бирок алар "төлөөгө каражатыбыз жок, каматып сала бергиле" деп жатышат", - деп билдирген болчу.

Учурда бир буту кесилген кичине кыз Жумайымды Баткенде туугандары алып кетип багышууда.

Эсиңиздерде болсо, ушул жылдын 9-февраль күнү 34 жаштагы Жазгүл Өмүрбекова эмчектеги кызын көтөрүп дүкөнгө барып келүү үчүн чыккан. Бишкек шаарынын Элебесов жана Витебск көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол боюнда аны кызын көтөрүп турган жеринен катуу ылдамдыкта бара жаткан Мерседес үлгүсүндөгү кичи автобус сүзүп кеткен. Оор жаракат алган келин ооруканада каза болсо, дарыгерлер 1 жаш 8 айлык наристенин бир бутун кесип салууга аргасыз болушкан. Бишкек ШИИББинин билдиришинче, аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси (транспорт каражаттарынын кыймылын жана пайдалануу коопсуздугунун эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
wwwonline
2018-12-28 08:02:36
Менин инимди, бир уйдун жалгыз уулун олтургон, мас абалында каттуу ылдамдыкта бара жаткан, 20 жаштагы акмак бала да шарттуу турдо эле жазаланган, алар сотко акча берип ушундай чечим чыгартышкан, ал акмак бала бир кун да абакка отурган жок...Октябрь районунун соту ушундай чечим чыгарган. Анан жол кырсыктары эмнеге коп, деп сурубай эле койгула, корсо, жолдо киши олтургондор женил эле жаза алышат экен, айдоочу мас,каттуу ылдамдыкта баратса да...
+4
wwwonline
2018-12-28 08:04:38
7 жылга шарттуу турдо эркинен ажыраса, акча берип 2 ашып кетсе 3 жылда кутулат.
+5
Janna07
2018-12-28 08:11:46
Бул балагада акча эле керек болуп арызданып журот, акча толоп берсе унчукпайт эле, келинчегине куйуп бышып камалсын эле камалсын деп чуркап жургон адам эмес бул
-22
meni_kut
2018-12-28 08:16:04
Janna07,сенин башына тушпосун...бир бутсуз кызы апасын издеп калганын коруп коздон жаш эмес кан агат..эмчекте экен эле
+15
Avrora2017
2018-12-28 08:44:25
meni_kut, туура акча керек болгондур, бир уй булоонун тагдырын талкалап, анан женил эле кутулуп кетип атса ал акмак , тамтандап кайдагыны жазасынар, чын эле из оз бвшынарга келмейин тушунмок беленер , жок дегенде заар созунорду жазбагылачы, кичине бираз адамдай болуп, тушунугунор вообще эле томон, примитив
+7
taalay25
2018-12-28 09:26:15
Janna07,сага соз деле жок экен оокатын кылчы жаны жыл жакындап калды
+6
ayko24
2018-12-28 12:31:36
Janna07, кудайдан корк башына келип калбасын
+2
Take_men
2018-12-28 13:17:48
Janna07, сенин башыңа түшсүн көрө жатаарбыз кандайча сайрайт экенсиң...
0
Aikaaaa
2018-12-28 15:20:39
Janna07,сурасын, акча керек, кичинекей кыз куурабадыбы
+1
rysik79
2018-12-28 08:33:00
Апасы кызым деп жатып каза болуптур. Кызы апасын издеп бир буту жок калып. Аябай жаман эле болгон. Витебскийден откон сайын эсиме тушуп куран окуп отом. Боодо кырсыктан сакта Кудайым!
+12
aerforce
2018-12-28 09:39:26
Эх жаман болгон азыркыга чейин эсимен кетпейт реанимацияга алып кирип кетти бир аздан кийин эле каза болду деп чыкты врач ошондо баласына аябай ичим ачышкан
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан