Бишкек шаарындагы Щербаков жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишине жол чырак орнотулду. Мындай маалыматты Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.
"Аталган кесилишке жол чырак орнотуу тендерин утуп алган компания аны тургузуп, 20-декабрда ишке берди", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Жол чыракты орнотуу үчүн шаардык казынадан 500 миң сомдой каражат керектелген. Белгилей кетсек, дал ушул кесилиштен жол кырсыктары дээрлик күндө катталып келген.