Жаңы Кылмыш-жаза кодекси ишке кирсе, 460 адам абактан чыгат

Жаңы Кылмыш-жаза кодексинин ишке кириши менен гумандаштыруунун негизинде 460 адам абактан чыгат. Бул тууралуу 27-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров билдирди.

Ал сотторго майда кылмыш иштерин кыскартуу боюнча көрсөтмөлөр даярдалып жатканын айтты.

"Акыркы расмий маалыматка ылайык, Кыргыз мамлекетинде абакта отургандардын саны сегиз миңден ашат. Ал эми Абактарды изилдөө боюнча эл аралык борбордун маалыматына караганда, Кыргыз мамлекетинде абакта отургандар он миңден ашат", - деди Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tular
2018-12-28 10:06:38
Ошондо 8000би же 10000би
0
shergazy9
2018-12-28 12:32:05
tular,окуусан расмий маалыматта 8000 деп турат
10000 эл аралык байко салгандардын маалыматты
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан