Өлкөнү Жаңы жыл алдында кандай аба ырайы күтөт? 31-декабрь түнү кар жаашы күтүлөт

29-декабрь күнү өлкөнүн аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Унаа жолдор тайгак, тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Түштүк батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет.

"Кыргызгидрометтен" билдиришкендей, 30-декабрь күнү түндө Чүй, Жалал-Абад, Ош облусунун тоолуу аймактарында кар жаап, башка аймактарда кар күтүлбөйт. Күндүзү көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, тоолуу аймактарда кар жаайт. Жолдор тайгак, тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетип, Чүй, Талас, Ысык-Көл облусунда шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет.

31-декабрда түндө кар жаайт, ал эми күндүзү жана 1-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак, тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет.

2-3-январда аймактарда кар жаашы күтүлөт.

Ошондой эле, Кыргыз өлкөсүндө 2019-жылдын январь айы жылдагыдан суук болору күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан