Жаңы жылдык майрам күндөрүнө карата 30 миңден ашуун милиция кызматкери иштейт
Жалпы республика боюнча Жаңы жылдык майрам күндөрүнө карата ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте иштешет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Министрликтин маалыматына караганда, бул мөөнөт 30-декабрдан 7-январга чейин уланат. Анда 30 миңден ашуун милиция кызматкери иштейт.
Кыргыз мамлекетинде 2019-жылы 1-январдан 7-январга чейин расмий түрдө дем алыш күндөрү деп жарыяланган.