“Ош базарынын” соодагерлери үчүн бул жыл оор жана чыгашалуу жыл катары эсте калды. Себеби 2018-жыл аталган базардын көптөгөн соодагерлери үчүн көп чыгымдарды алып келген, зыянга учурабагандарын коркунучка кептеп, уйкусун бузган жыл болду десек да жарашчудай. Азыркы күндө да базардын соодагерлери "өрттөнүп кетиши мүмкүн" деген коркунуч менен кечинде үйлөрүнө кайтып жаткандарын да жашырышпайт.
Алгачкы өрт кырсыгы: 3 миң 500 чарчы метр соода аянты күйүп, 118 соодагер жабыркады
2018-жылдын алгачкы айынын аягында, тагыраагы, 30-январь күнү "Ош базарында" биринчи өрт кырсыгы катталды. Эртең мененки саат 09:48 чамасында башталган өрт кечки саат 18:29да толугу менен өчүрүлгөн. Өрт "Ош базарынын" ичиндеги "Сейтек” жана “Берекет плюс” кичи базарындагы соода орундарын жалмап, жалпы аянты 3 миң 500 чарчы метрге жеткен жерди толугу менен күлгө айланткан.
Жабыркагандардын арасында эң азы 300 миң сомдон баштап 1,5 миллион сомго чейин жоготууга учурагандар бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдагандай, тилсиз жоонун кесепетинен 118 соода оруну күйгөн. Териштирүү иштеринин алкагында, өрттөн жабыркаган 150 соодагерден арыз келип түшкөн. Анын ичинен 135и "Сейтек" базарынын соодагери болсо, 15и "Берекет Плюс" базарында соода кылгандар. Мамлекеттик салык кызматы маалымдагандай, иликтөө иштеринин жыйынтыгында 150 адамдын ичинен 74 соодагер гана патент менен иштеп келгени аныкталган.
Мында реалдуу материалдык зыян тарткандыгын тастыктаган документтер тиркелген эмес. 74 ишкердин 32синин банктагы насыялары бар жана суммасы 50 миң сомдон 2,1 миллион сомго чейин жетет. Жалпы суммасы 16 миллион 984 миң 306 сомду түзгөн. Соодагерлердин иштеген учурунан тарта 6 айга патент үчүн төлөмүн узартуу боюнча чечим кабыл алынып, банктан насыя алгандары үчүн төлөө мөөнөтү узартылып берилген.
Экинчи өрт кырсыгы: 700 чарчы метр күйгөн аянт, 60га жакын жабырлануучу
5-март күнү "Ош базарында" экинчи өрт кырсыгы катталды. Өрт кайрадан мурда өрттөнгөн Киев жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Сейтек” базарынан чыкты. Саат 21:07 чамасында чыккан өрт 22:13тө чектөөгө алынып, саат 00:40та толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен соода жайдын болжол менен 700 чарчы метр аянты толугу менен күйүп кеткен.
Жабыркагандардын арасында 300 миңден баштап 1,5 миллион сомго чейин жоготууга учурагандар бар. Өрт кырсыгынан 60ка жакын соодагер жабыркаган.
Өрт саат 22:13тө чектөөгө алынган. Адам өмүрүнө зыян келген эмес. ӨКМ өрттүн келип чыгуу себебин жана келтирилген материалдык чыгымдарды тактоодо.
13-апрель күнү “Берекет” соода жайында өрт чыкты. Бул жыл башынан бери үчүнчү ири өрт кырсыгы катары катталды. Өрттүн кесепетинен соода жайдын 5 миң 400 чарчы метр аянты күйүп кеткен. Жыйынтыгында 450дөн ашык соодагер 600 миллион сомдой зыянга учураган. Алар бир нече ирет өз талаптары менен өкмөт үйүнүн, Ак Үйдүн алдына барышкан. Бирок дароо чечкиндүү жыйынтыктар болбогондуктан Кулиев көчөсүндө 500 метрдей жерди тосуп алып бүгүнкү күнгө чейин соода кылып келишет.
Өрт боюнча кылмыш иши козголуп, анын негизинде соода жайдын директору Рафкат Момункулов камакка алынган. Бирок май айынын башында эле ал үй камагына чыгарылып кеткен. Бул өрт кырсыгы боюнча алгачкы сот отуруму 15-октябрь күнү башталып, учурда соттук териштирүүлөр аягына чыга элек.
Төртүнчү өрт кырсыгы: 40 жабырлануучу, 10 миллион сомдун айланасындагы чыгым
Төртүнчү өрт кырсыгы 4-декабрга караган түнү катталды. Түнкүсүн чыккан өрт 40ка жакын соодагердин соода ордун толугу менен жалмап кеткен. Аймактык тескөөчү окуядан бир күн мурун базар жабык болгонун жана ширетүү иштери жүргүзүлгөнүн билдирген.
Учурда өрт кырсыгынан жабыркагандардын соода орундарын калыбына келтирүү иштери кызуу жүрүүдө. Жакынкы убакыт аралыгында ал кайрадан колдонууга берилери маалым.
Бул өрт кырсыгынан жабыркагандарга келтирилген чыгымдар эсептелинип бүтө элек. Буга чейин Бишкек шаарынын Ленин районунун акиминин биринчи орун басары Чынасыл Чыныбаев билдиргендей, бул өрт кырсыгынан жабыркагандарга келтирилген чыгымдын суммасы 10 миллион сомдун тегерегин түзгөн.
Күйүп кеткен соода орундары "Зетта" жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык болгон. Аталган коом берген маалыматка ылайык, ал өрттөн келишимдин негизинде ижара төлөп соода кылып келген 21 адам жабыркаган. Андан сырткары өрттө 20га жакын кош ижарачынын товары да күйүп, зыянга учураган. Учурда атайын комиссия иликтөө иштерин жүргүзүүдө жана келтирилген чыгымдар эсептелинүүдө.
Өкмөт тарабынан көрсөтүлгөн жардамдар
"Ош базарынын" аймагында 30-январда, 5-мартта жана 13-апрелде катталган өрт кырсыктарынан жабыркаган 488 соодагерге Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан 10 миң сом өлчөмүндөгү материалдык жардам көрсөтүлгөн. Ошондой эле бул өрт кырсыктарынан жабыркагандардын соода орундары калыбына келгенге чейин соодагерлерге "Берекет-Гранд" соода борборунун унаа токтотуучу жайы убактылуу соода кылуу үчүн бекер берилген. Андан сырткары өрттөн жабыркаган соодагерлер Кулиев жана Киев көчөлөрүндөгү жол четинде соода кылып келүүдө. Өрт кырсыктарынан жабыркагандардын ичинен окуяга чейин патент менен иштеп, мамлекетке салык төлөп келгендеринин банктардан алган насыяларынын төлөө мөөнөтү узартылып берилген.