Бишкек шаардык мэриясы жер тилкелерин бөлүү боюнча мораторий жарыялйат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалыматында айтылат.
"Борбордун мэриясы ижарага берилген жерлер үчүн маалым кат берүүгө тыюу салды. Аталган маалым кат эгерде жер тилкесине курулуш түшүп, Мамлекеттик экотехинспекциясына берилген учурда гана берилет. Ал эми жеңил курулуштар үчүн (күркө, киоск, гараж ж.б.) муниципалитетке ижара боюнча карыздары жок болсо жана оңдоп-түзөөдөн өткөрүү керек болгон учурда гана берилет.
Аталган буйрукта Муниципалитеттин жер ресурстарын колдонуу боюнча башкармалыгы тарабынан ижарачыларга жер ресурстарын үчүнчү жакка ижарага берүү боюнча убактылуу регламент бекитилген.
Бишкек шаардык кеңешине мэрия тарабынан жер тилкелерин 2 жыл мөөнөткө сынактын негизинде берүү боюнча мораторий жарыялоо токтомунун долбоору киргизилген. Ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин жер тилкелерин менчикке берүүнү аукцион жолу менен ишке ашыруу боюнча долбоору иштелип жатат. Макулдашылган долбоордун негизинде эгерде ижарачы тарабынан жер тилкесине объект курулган болсо аны сатуу жолу менен берүү пландалууда", - деп жазылат маалыматта.