Эки көз ордуна шишик менен төрөлгөн Табарактын жүрөгүнө операция жасалгандан кийин абалы жакшы

Эки көзүнүн ордуна шишик менен төрөлгөн Табарактын абалы бүгүнкү күндө жакшы. Атасы Асилбек Нуркамил уулунун айтымында, уулунун жүрөгүнө ушул жылдын май айында операция жасалган, учурда мурдагыдан бир топ жакшы өзгөрүүлөр байкалууда.

"Уулум тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөндүктөн операция жасаттык. Ал оң жыйынтыгын берип, Табарактын өсүүсүндө жакшы жылыштар байкалды. Азыр балам отура элек, сойлоп, жөрмөлөгөнгө аракет жасап калды. Табити, кабыл алуусу жакшы.

Көзү болсо ошол эле бойдон. Табарактан улуу кызымдын да көзү көрбөгөндүктөн Табарак экөөнүн тең көзүнө операция жасатуу үчүн Израилге алып барайын деген ниетим бар. Бул үчүн учурда каражат топтоп жатабыз. Өзүңүздөргө маалым болгондой, буга чейин курулуш компаниялардын бири Ош шаарынан 3 бөлмөлүү батир берген. Элден топтолгон каражатты кошуп, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөнбүз. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн үйдөгү шарттар абдан чоң мааниге ээ эмеспи. Бир топ кыйынчылыктардан арылып калдык. Жардам берген бардык боорукер адамдарга ыраазычылыгымды билдирем.

Эми да операцияга каражат топтоого жардам колун сунгандар чыгат деп үмүттөнөм", - деди ал.

Асилбек Нуркамил уулунун 2 көзү тең көрбөйт. Ал үйлөнөрдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыз издеп, 2012-жылы Жазгүл аттуу кызга үйлөнгөн. Улуу кызы Хафиза ден соолугу чың төрөлгөн, бирок сүйлөө жагынан аксайт. 2-кызы Басиранын да көзү азиз. 3-баласы Табарак 2 көзүнүн ордуна шишик менен төрөлгөн. Оштон Бишкекке келип, баласын ооруканага көрсөткөнгө акчасы жок, кыйналып жаткандарын айтып Нуркамил уулу SUPER.KG порталына интервью берген. Ал маегинде үй-бүлөсү менен 7 миң сом төлөп ижарага алган батирде жашай турганын айткан.

Табарактын ден соолугуна кайдыгер карабай, жардам беребиз дегендер үчүн байланыш телефондору: 0774 32 24 63 (ЭлСом), 0776 122190 (WhatsApp) Асилбек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Shaa-82
2018-12-29 12:44:37
Аллахым шыпаасын берсин!
0
aydarken
2018-12-29 13:44:39
Ушу мен Элсом дегенге тушунбойатам акчаны кантип которот СБ карта болсо жакшы болмок?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан