Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова: "Соттор журналисттердин оозун бууп коё турган чечимдерди чыгарып жатат"

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков, мурдагы баш прокурор Азимбек Бекназаров, УКМКнын мурдагы башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев оппозициялык “Апрель” телеканалын сотко берди. Буга аталган телеканалда көрсөтүлгөн экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 10-декабрдагы маеги негиз болууда. Доогерлер экс-президент тарабынан өздөрүнө карата такай кемсинткен жана ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирген, чындыкка туура келбеген маалыматтардын жарыяланышына жана анын элге таратылышына нааразы. Үч саясатчы ар бири 6 миллион сомдон “Апрель” телеканалынан жана Атамбаевден, жалпы 18 миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылышууда.

SUPER.KG порталынын "ЖМКларды миллиондогон сомдук доого жыкмай дагы башталды. Сөз эркиндиги корголбогон мамлекетте өнүгүү болобу?" деген соболуна конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова жооп берди.

Ал журналисттерге карата доо арыз менен кайрылуу буга чейин болуп келген, мындан ары дагы боло берет деген пикирде.

“Сотко доо арыз менен кайрылуу ар бир адамдын өзүнүн иши. Кеп соттордо болуп жатат. Доо арыз менен кайрылган адамдар сураган сумманы соттор канааттандырып коюшууда. Негизги көйгөй ошол. Сот аткарыла тургандай чечим чыгарышы шарт. Кээде журналисттерди миллиондогон сомго жыгып жатышат. Ошол акчаны журналисттер төлөп деле бере албайт. Сот чечими аткарылбайт. Ошондуктан абалына карата чечим чыгарыш керек. Арыз берген адам каалаган суммасын сурай берет, бирок далилдерин келтирбейт. Ал ар-намысына кандайча зыян тийгенин, ошол зыяндын өлчөмүн көрсөтүп, далилдеп бериши зарыл. “Намысыма шек келип ооруп калдым, дарыландым, менин ишмердүүлүгүмө зыяны тийди, келишимдерди түзө албай калдым” дегендей далил болуш керек. Доо арыз бергендер далили жок эле сотко кайрылып жатышат.

Сөз эркиндиги корголбогон мамлекетте демократиялык өнүгүү болбойт. Биз маалымат каражаттарына “силер маалымат таратпагыла же такталган маалымат тараткыла” деп айта албайбыз. Андай талап коюш үчүн мамлекеттик башкаруу өзү ачык болушу керек. Маалымат каражаттарына купуя, сыр болбогон каалаган маалыматын берип туруу шарт. Бирок бизде болсо бүт нерсе жабык болуп жатат. Сөз эркиндигин туура пайдаланган же пайдалана албагандар бар. Ошондуктан мындай доо арыздар менен кайрылгандар боло берет. Соттор журналисттерге карата адилетсиз, сөз эркиндигине бөгөт коё турган, журналисттердин оозун бууп коё турган чечимдерди чыгарып жатат”, - дейт Сооронкулова.

Сөз эркиндигин коргоо комитетинин башчысы Адил Турдукулов, эксперт Руслан Акматбек, саясий серепчи Игорь Шестаков, журналист Шайырбек Абдырахманов жана журналист Эрнис Кыязовдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан