Саясий серепчи Игорь Шестаков: "Апрель" телеканалын сотко берүү ар-намысты коргоо үчүн эмес, Алмазбек Атамбаевден өч алуу үчүн болууда"

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков, мурдагы баш прокурор Азимбек Бекназаров, УКМКнын мурдагы башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев оппозициялык “Апрель” телеканалын сотко берди. Буга аталган телеканалда көрсөтүлгөн экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 10-декабрдагы маеги негиз болууда. Доогерлер экс-президент тарабынан өздөрүнө карата такай кемсинткен жана ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирген, чындыкка туура келбеген маалыматтардын жарыяланышына жана анын элге таратылышына нааразы. Үч саясатчы ар бири 6 миллион сомдон “Апрель” телеканалынан жана Атамбаевден, жалпы 18 миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылышууда.

SUPER.KG порталынын "ЖМКларды миллиондогон сомдук доого жыкмай дагы башталды. Сөз эркиндиги корголбогон мамлекетте өнүгүү болобу?" деген соболуна саясий серепчи Игорь Шестаков жооп берди.

Анын пикиринде, журналисттер жана коомчулук ЖМКларды жок кылуу аракеттерине каршылык көрсөтүшү керек.

"ЖМКларды ири суммаларга сотко берүү биздин саясий элитабыздын жүзүн көрсөтүүдө. Элита өкүлдөрү миллиондорду тапканы аз келгенсип, соттор аркылуу ЖМКлардан миллиондогон компенсацияны да талап кылууда. Кыргыз ЖМКларынын чоң акчалары жок, эгер соттон утулса, ал жок болуп кетет.

Учурда биздин саясий элитаны сындаган ЖМКларды жок кылуу аракети болууда. “Апрель” телеканалын сотко берүү - чындыгында, ар-намысты жана кадыр-баркты коргоо эмес, Алмазбек Атамбаевден өч алуу болуп жатат. Ал эми журналисттер ортодо жапа чегүүдө. Эгер аталган саясатчылар сындап ар-намысты коргогусу келсе, алар Атамбаев менен бүгүн эмес, ал президент болгон кезде соттошмок. Алар Атамбаевди сотко бериш үчүн шылтоону күтүп турушкан, ошол керектүү шылтоо акыры келди. Азырынча Атамбаев аларга жооп бере албайт, соттошот.

Бул кейиштүү көрүнүш. Бизде саясий элита азыр ушундай. ЖМКларды сотко берүү кечээ эле башталган жок. Атамбаев өзү журналисттерден миллиондогон суммаларды талап кылган, кийин доолорду артка чакыртып алган. Ар-намысты сотто коргоо - бул нормалдуу көрүнүш, бирок кеп моралдык компенсациянын суммасы жөнүндө болууда. ЖМКдан 10 миң сом талап кылса болот же ЖМКны жок кыла турган сумманы талап кылса болот.

Менин оюмча, бийликти жана саясатчыларды системдүү сынга алган күчтүү ЖМКларсыз өлкөдө коррупция күчөйт жана эч кандай өнүгүү болбойт. ЖМКлар саясий токойдун санитарынын ролун ойнойт. Эгер соттор аталган үч саясатчынын доосун канааттандырса, башка журналисттер сынга алуудан коркуп калышы мүмкүн. Ошондуктан коомчулук жана журналисттер өзүнүн пикири менен ЖМКларды жок кылуу аракеттерин токтотушу керек", - деди Шестаков.

Сөз эркиндигин коргоо комитетинин башчысы Адил Турдукулов, эксперт Руслан Акматбек, конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, журналист Шайырбек Абдырахманов жана журналист Эрнис Кыязовдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан