Аталган долбоор боюнча Жогорку Кеңештин токтому ушул жылдын 19-декабрында кабыл алынган. Ошондой эле токтомго аталган долбоордун 1-этабынын жыйынтыгы боюнча 6 айдан кийин маалымат угуу белгиленген.
Бул коюлган камералар иштөө механизмин сыноо үчүн коюлган. Ал эми "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабынын алкагында өлкө аймагында жана чакан шаарлардын 248 жерине видеобайкоо жабдуулары орнотулмакчы.