Бишкекте башкы балатыдан башка дагы 20 балаты кооздолгон

Бишкекте Жаңы жылга карата "Ала-Тоо" аянтына орнотулган өлкөнүн башкы балатысынан сырткары дагы 20 балаты кооздолуп тургундарга жагымдуу маанай тартуулоодо. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган кызматтын маалыматына ылайык, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдына 18 метрлик балаты, Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын алдына 10 метрлик балаты коюлган.

Ошондой эле Биринчи Май районунун Тоголок Молдо скверинде, Горький эс алуу багында, Баят базарына жана Ак-Босого конушуна балатылар орнотулган.

Октябрь районуна 8 метрлик балаты Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" эс алуу багына, Туңгуч кичи районуна, Көк-Жар, Алтын-Ордо, Кара-Жыгач жана Рухий-Мурас конуштарына коюлган.

Ленин районунун Жал кичи районуна, Фучик-Чүй көчөлөрүнүн кесилишине жана Жаш Гвардия бульварына балатылар орнотулган.

Свердлов районунда жаңы жылдык 6 балаты орнотулган. Алар: Абдрахманов-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде 6 метрлик балаты, №38-мектеп-гимназиянын алдында 5 метрлик балаты, Муса Жангазиев атындагы куурчак театрынын жана Эне-Сай конушуна майрамдык маанай тартуулаган балатылар коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mirlan27011987
2018-12-29 13:49:56
Эн сонун. Жаны жылынар менен. Негизи Жаны жыл байыркы турк элдеринин майрамы деп эсептеп журушот.
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан