Бишкекте 31-декабрь күнү айрым борбордук көчөлөр унаалар үчүн жабылат. Мындай маалыматты Бишкек ШИИББинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Жабыла турган көчөлөр жана убактысы:
Чүй кең көчөсүнүн Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү саат 08:00дө жабылат;
Абдымомунов көчөсүнүн Раззаков көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү;
Киев көчөсүнүн Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат, бирок автобус жана троллейбустар үчүн ачык болот.
Абдумомунов жана Киев көчөлөрү саат 17:00дө жабылып, борбордук аянттагы майрамдык иш-чаралар соңуна чыкканга чейин жабык болот.