Орусиядагы мектептердин биринде оорулуу классташынын операциясы үчүн 4-класстын окуучулары жаңы жылдык белектен баш тартышты

Эски Оскол (Орусия) шаарындагы №24-орто мектептин 4-классынын окуучулары оорулуу классташынын операциясына акча чогултуу үчүн жаңы жылдык белектен баш тартышты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазат.

Классташтары акча чогултуп жаткан баланын эмнеден жабыркаары тууралуу так диагнозу жок. Белектерден баш тартуудан тышкары аталган мектепте жарманке уюштурулуп, ага балдардын ата-энелери жана мугалимдер катышкан.

Окуучулардын арасынан көп суммадагы акча алып келген окуучу мугалимдерде күмөн жаратып, алар мынча акчаны кайдан тапканына кызыгып сурап көрүшкөн. Белгилүү болгондой, ал окуучунун көптөн бери велосипед сатып алам деп чогултуп жүргөн акчасы болгон. Чогултулуп жаткан акчага ал сактап жүргөн каражатын алып келип кошкон.

Мындан тышкары окуучулар оорулуу классташы үчүн тапшырмаларды аткарышып да жардам беришет. Окуучулардын бири жаттап келүүгө берилген ырды өзү үчүн, ал эми ооруп келбей жаткан классташы үчүн башка дагы бир ырды жаттап келип айтып берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
bond02
2018-12-29 16:59:19
Ой азаматтар.
+12
Defend.
2018-12-29 17:02:44
Биздин өкмөттүн 4-класстагыдай дагы акылы жокпу?
Мусулман эмес болсо дагы жаңы жылдан баш тартып кайрымдуулук кылып жатат.

Биздикилер мусулман болуп туруп христиандардын майрамына миллиондорду чачып жатат!
Ошол миллиондорду асманга чачпай кичине болсо дагы Кытайлардын карызынан кутулсак болот беле?!

+38
salimbek87.kg
2018-12-29 17:08:13
Defend.,биздин өкмөт ноловой баары
мектепке чейин даярдыкта жүрөт
+40
minchynar1000
2018-12-29 20:48:32
salimbek87.kg,олтурдунго
+11
voennyi88
2018-12-29 20:37:37
Defend., амей айтасында.Коросунго биздин депутаттар 2019-жылдан баштап бир кундук айлыктарын ооругандарга которот экен.(Бирок минтсе кун чонтоктон чыгатко)..
+5
Pandora
2018-12-29 22:45:05
Defend., Сөз мусулман же христиан экендигинде эмес эң негизгиси аламгерчилик жана боорурчиликте. Биз нерв коротсок эле алар онолуп кетпейт же эл майрамды белгилебей койбойт.
+1
Aikaaaa
2018-12-30 00:23:07
Defend.,эмнегеле бөлүнө бересиңер, ким болсо да адамгерчилик деген бийик го. Мусулманмын дегендердин бары идеал эмес. Силер айткан каапырлардын да эң сонун адамдары көп. Ал динден эмес, адамдын өзүнөн
0
Jigitchem
2018-12-30 01:05:52
Aikaaaa,Орустар каапыр эмес. Капыр деп кудайга ишенбегендерди айтат
+1
Aikaaaa
2018-12-30 11:56:56
Jigitchem, интернетте жүрүп атат го, жаңы жыл каапырлардын майрамы, аны майрамдаган киши каапыр болот деп
-1
Azatbek.Svoboda.
2018-12-29 20:46:05
Оногу биздин 120 жепжутаттар шеви баш бооуп ушул торттунчу класстын окуучуларынанда акылдары томон экен.Эми ошол окуяны угуп окуп уялышсын шапкалары менен коздорун жаап!
+6
Pandora
2018-12-29 22:46:11
Эч кимдин,эч жери оорубасынчы... Кичинекейге ден соолук!!! Өзүм бук болуп турат элем,ыйлапда алдым (((
+7
kyrgyzstan00
2018-12-30 14:43:09
Кыргызстандагы елкаларды коруп тан калдым.Бизде Москвада андай елка болбойт,ата энелерди да киргизбейт,елкага формага бирден кап алып келгиле деди болду(18р)ошондон форма жасаптыр эжекеси.Подарканы да 1 каропка конфет,эшикте эле таркатыптыр.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан