Бишкек шаардык мэриясынын "Тазалык" муниципалдык мекемесинин кызматкерлери Жаңы жыл түнү күчөтүлгөн тартипте иштешет. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Аталган мекеменин маалыматына ылайык, тазалык кызматкерлери майрам күндөрү таңкы саат 6:00дөн баштап, кезек менен иштешет.
"Борбордук "Ала-Тоо" аянтын тазалоого 60 кызматкер жана 7 таштанды ташуучу унаа чыгат. Ошондой эле борбордук аянтка кошумча желим таштанды таштоочу 40 челек коюлат. Мындан тышкары Бишкек шаарынын тазалыгы толук көзөмөлгө алынат", - деп билдиришти мэриядан.