Өкмөт ата мекендик экономиканын ар кыл тармагына чет элдик инвестицияларды тартуу иш-аракетин көрүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков өлкөгө инвестиция тартууга бардык мамлекеттик органдар иш алып баруусу керек экенин билдирди.
"Кыргыз мамлекетинин аймагына кирген ар бир инвестиция жаңы жумуш орундарын түзүүгө, салыктык түшүүлөрдү көбөйтүүгө жана жер-жерлерде өндүрүштү өстүрүүгө шарт түзөт", - деди Разаков.
Вице-премьер-министр коомчулуктагы такталбаган жана жалган маалыматтар өлкөнүн инвестициялык иштерине терс таасирин тийгизерин кошумчалады.
"Чет элдик инвестициялардын үлүшү бар экономикалык багыттагы объектилердин ишмердигине тоскоолдук кылган айрым учурлар бар. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү калк инвесторлордун ишине тоскоолдук кылбоосу керек. Ошондой эле өлкөнүн аброюна терс таасир эткен коомчулукка такталбаган маалыматтарды жайылтууну жоюу боюнча алдын алуу иштерин жүргүзүү зарыл. Биз инвесторлорду чочутуп албоого тийишпиз, тескерисинче, алардын ишмердиги үчүн мыйзам чегинде болушунча ыңгайлуу шарттарды түзүү керек. Өлкөлөр ортосунда келип чыккан айрым маселелер тек гана дипломатиялык жол менен чечилиши шарт", - деп белгиледи Разаков.