Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов 4-февралга чейин камакта калтырылды

Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов 4-февралга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз катчысы Сюита Соорбаева SUPER.KG порталына тастыктады.
Учурда Адамкул Жунусов Бишкектеги №1-шаардык ооруканасында дарыланууда. Ал жактан чыкканда дароо тергөө абагына жеткирилет.
Бажы кызматынын мурдагы башчысы Адамкул Жунусов Интерпол тарабынан эл аралык издөөдө жүрүп, 4-декабрда Баку шаарынан кармалган. Ага карата 304-берене (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айып тагылып, анын өлкө казынасына 166 миллион сомдон ашык зыян келтиргени аныкталган.

Адамкул Жунусов өлкөнүн Бажы кызматынын төрагасы болуп 2013-2016-жылдары иштеген. 2016-жылы 20-апрелде Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен кызматынан бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан