Бир миллион долларга бааланган көк бөрүчү Барон жылкысы оюндан кийин өлүп калды

Өлкө боюнча эң чоң жана кымбат аталган Барон аттуу жылкы улак тартыш учурунда өлдү. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясы социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Аталган федерациянын маалыматына ылайык, кезектеги көк бөрү оюну Чүй облусунун Манас айылында өтүп жаткан.

Жылкынын ээси Алмаз Колдошев буга чейин Барон ооруган эместигин айткан.

"Оюндан соң басып бара жаткан жеринен кулап, жан берди. Баарыбыз ызы-чуу болуп эле калдык. Айрымдарынын көзүнөн жаш чыгып, ыйлап да жиберишти", - деп билдирген тулпардын ээси.

Барон Орусиядан 5 миң долларга алып келинген. Аны 1 миллион долларга сатып алуучулар чыгып, бирок жылкынын ээси Баронду сатуудан баш тарткан.

Барон Азиядагы эң баасы кымбат жылкы болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (36)
newman
2018-12-30 16:18:30
Сейдана навай нан (лепёшка) бетине сээп койгон кара кара майда данчалар. Эстединизби?
0
Syimyk.isaev
2018-12-30 16:21:23
Өпкөсү көөп кетсе керек
0
aidinaernur
2018-12-30 16:25:27
Куну суусу бутуптур
Ажалы жетиптир
Ар нерсе себеп
+1
Bars88
2018-12-30 17:30:03
Миллион дегени ашыкча болуп кетти окшойт.Чондугу эле болбосо.Озу 5 минге алса.Рекламаны жакшы кылат экен
-1
Baku88
2018-12-30 18:32:30
Bars88, эми алган тукумдарын миллионго сатат да ошого реклама жакшы кылыптыр не может быть бир ат миллион $ турганы сом болсо да бир жөн
0
Baku88
2018-12-30 18:29:56
Сүрөттө эки башка ат го өлүп жатканы минип турганга окшобойт
-2
portugalia
2018-12-30 18:42:44
Долларбы, сомбу?
-1
kriss120
2018-12-30 18:58:29
1миллион сураганы жалган болсо керек .Мен авгандар 15мин долларга сураганда бербей койгонун уккам
0
Azkoni
2018-12-30 19:16:43
Мал боор эт менен тен дейт го.Малдын да кадырын билгендер бар да.
+1
Kalemkash
2018-12-30 19:22:43
1000000десе ойлонбой туруп бермекмин.
0
warcaw
2018-12-30 19:32:07
Кытайлар сураган деп ошол киши өзү айткан, сураганбы жокпу Кудай билет,[moderated]да жүрөт көрсөңөр ошол видеосун
+1
aitowa11
2018-12-30 20:02:32
Адамга коз тийсе мазарга, малга коз тийсе казанга деп коет. Негизи адамдын назары жаман
0
Pandora
2018-12-30 20:29:59
Адамдар олуп жатаго.....
+2
uncomment
2018-12-31 10:55:53
Эр жигиттин алдында эки токумчан ат өлөт
0
bakulya2015
2018-12-31 14:07:12
Элдин назарыда жаман дешетго коз тийсе керек.ээсине окунуч болуп калды окшойт байкуш кандай абалда калды экен
0
Adi.Avazbekov
2018-12-31 17:22:53
Kok meeler yilai beretda adam olup kettatko mal emes
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан