Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда жаңы жылдык балаты күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 31-декабрда SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт 30-декабрь күнү таңкы саат 05:30 чамасында болгон. Анда Сузак районунун тургундары үчүн коюлган жаңы жылдык балаты күйүп кеткен.
"Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрт зымдардын тийишүүсүнөн улам келип чыккан. Тилсиз жоо балатыга тагылган жылдызчадан башталган", - деп билдиришти милициядан.
Белгилүү болгондой, учурда балаты Сузак райондук администрациясы тарабынан калыбына келтирилген.