SUPER.KG порталынын окурмандары өлкөдөгү купулга толгон балаты деп Баткен шаарыныкын тапты. Бир апта мурун SUPER.KG сайтында Жаңы жылга карата сурамжылоо башталган. Анда өлкө аймагындагы балатыларга коротулган чыгымдар тууралуу маалымат берилип, "Кайсы шаардын балатысы купулуңузга толду?" деген суроонун негизинде сурамжылоо жүргүзүлгөн.
Добуш берүү бүгүн, 31-декабрда токтотулуп, жыйынтык чыгарылды. Ага ылайык, Баткен шаарынын балатысы 30,06 пайызга ээ болуп, биринчи орунду алса, эң аз добуш Нарын шаарынын балатысына берилген (2,45 пайыз). Миллиондогон сом сарпталган Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарынын балатылары жүз миң сомго жетпеген каражат жумшаган Баткендин балатысынан артта калды.
Өлкөдөгү эң арзан балаты Баткен шаарына орнотулган. Бирок ага карабай окурмандар аны "эң мыкты" деп табышты. Баткендин балатысынын бийиктиги 14 жарым метрге жетет. Ага 66 миң сом акча жумшалган. Жалпы шаарды жасалгалоо иштерине болсо 88 миң сом керектелген.
Ал эми акыркы орунду алган Нарындын балатысынын бийиктиги 15 метрге жетип, шаарды жасалгалоо иштерине 219 миң сом сарпталган. Бул сумма өткөн жылкыга караганда 19 миң сомго көп.
2-орун Ош шаары (29,45 пайыз)