Мышыкты байлап, андан кийин атып өлтүргөн адам жазага тартылган жок. Бул тууралуу бүгүн, 31-декабрда SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.
13-ноябрь күнү интернетте белгисиз адам мышыкты темирге байлап, андан кийин аны атып өлтүргөн видео тараган. Интернет колдонуучулар жаныбарга ырайымсыз мамиле жасаган адамды таап, аны жазалоону өтүнгөн. Иликтөө иштеринин алкагында, видео 5-октябрь күнү саат 12:00дөр чамасында тартылганы аныкталган. Видеодогу киши 35 жаштагы Жалал-Абад шаарынын Ильяз К. аттуу тургуну экени да маалымдалган.
"Бул окуя боюнча кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу кылмыш иши тергөөнүн жүрүшүндө өндүрүштөн кыскартылган", - деп билдиришти милициядан.
Маалымат үчүн: Жаза процессуалдык кодексине ылайык, өлкө аймагында жаныбарларга карата мыкаачылык менен мамиле жасагандарга 5 миң сомдон 10 миң сомго чейин айып пул салынат же 120 сааттан 150 саатка чейин коомдук иштерге тартылат.