Баткен облусунун Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагына караштуу Токой жана Кызыл-Коргон айылдарында сел агымын кармоочу 2 дамба курулуп, ишке берилди. Бул тууралуу бүгүн, 31-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"ӨКМнын авариялык калыбына келтирүү планынын негизинде Ак-Турпак айыл аймагынын Токой айылына сел агымын кармоочу дамба курулду. Токой дамбасы 100 миң кубдан ашык селди кармайт. Узуну 104 метр, бийиктиги 17 метр. Бул дамбаны куруунун натыйжасында 71 турак үй, 6,2 чакырым ички чарбалык жолдор, 9 чакырым ички арыктар, 36 электр мамычасы жана 48 гектар эгин талаалары кырсыктан корголду. Ошондой эле Ак-Турпак айыл аймагынын Кызыл-Коргон айылына бийиктиги 12 метр, узундугу 60 метр, дамба курулуп, колдонууга берилди. Дамба 30 миң кубдан ашык селди кармайт. Натыйжада жергиликтүү 53 турак үй, 4,7 чакырым ички чарбалык жолдор, 7 чакырым ички арыктар, 28 электр мамычасы жана 35 гектар эгин талаалары корголду", - деп айтылат маалыматта.
Ак-Турпак айыл аймагында 2017-2018-жылдары 8 сел кырсыгы катталып, көптөгөн материалдык чыгымдарга алып келген.