11 жыл мурун франциялык аял багып алган баланын бир туугандары Кыргыз өлкөсүнөн табылып, жолугушту

Мындан 11 жыл мурун франциялык аял багып алган баланын бир тууганы Кыргыз мамлекетинен табылды. Орусиянын "Жди меня" телеберүүсүнүн жаңы жылдык чыгарылышында кыргыз тектүү Кирилл Николя Морша Москвадан туугандары менен алгачкы жолу көрүшүп, бир тууганы менен таанышты.

Телеберүүдө 2007-жылы Москвадагы балдар үйүнөн бала багып алган аял жана анын баласы тууралуу айтылат. Алар баланын туугандарын табууга жардам сурап кайрылышкан. Телеберүүдө Кирилл Николя туугандары менен алгачкы жолу жолугуп, 16 жаштагы бир тууган агасы Акылбек Тагаев менен да видео аркылуу сүйлөшкөн. Кирилл Николянын төрөгөн апасынын туугандары менен жолуккан учуру көпчүлүктү көзүнө жаш алдырды.

"Мен балалуу боло албайт болчумун. Башынан эле уулумду багып алганымды жашырган эмесмин. Ал беш жашка чыкканда менден "сен мени курсагыңа көтөрдүң беле?" деп сурады. Мен сени курсагыма көтөргөн эмесмин, бирок сен дайыма менин жүрөгүмдө жашап келгенсиң деп айткам. Ал дайыма менден апасы тууралуу сурай берчү. Мен ал аялга мага ушундай уулду төрөп бергенине ыраазычылыгымды билдиргим келет. Ал мен үчүн асмандагы жылдыздай", - дейт кыргыз тектүү баланы багып алган франциялык айым Катрин Колетт Бубьян.

"Мен 11 жаштамын, Францияда жашайм. Мен апамды жана үй-бүлөмдү аябай жакшы көрөм. Бирок мени төрөгөн апам тууралуу билгим келет. Туугандарымды аябай тапкым келет. Апамдын сүрөтүн көрүүнү каалайм. Менин туугандарым жанымда болбосо да, аларга жакшы көрөрүмдү айткым келет. Апам мени 38 жашында төрөгөнүн билем. Ал төрөгөндөн кийин 1 жума өтүп, каза болуп калган. Апамдан өз апамдын туугандарын табууга жардам беришин сурандым", - деп билдирген кыргыз тектүү Кирилл Николя Морша.

11 жыл мурун Франциялык аял багып алган баланын бир тууганы Каравандан табылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
take19
2018-12-31 18:28:38
Депутаттар туура эмес мыйзам жазган. Чет өлкөлүктөрдүн бала асырап алуусу боюнча. Асырап алынган балдар кыргыз болбой калат. Канча кыргыздар бала бага албай жүрүшөт. Ошолорго эле беришсе болмок да.
-3
taalay25
2018-12-31 18:52:58
Бул орустардын шалакылыгынан улам Францияга сатылып кеткен. Торогондон кийин апасы каза болуп калып баланы туугандарына бербей койгон. Документтерди даярдап келгенче сатып жиберишкен. Мындай журок ойуткон окуялар ото коп. Миграция трагедиябыз биздин
+7
evidens
2018-12-31 18:58:22
taalay25, ошерде коруп тургандай айттынго,кудай билет эми
-2
taalay25
2018-12-31 19:11:52
evidens, мага совет айткандын ордуна Жди менядан оргиналын кор тууган! Келе жаткан жаны жылын менен
+6
Water
2018-12-31 19:22:50
Коруп алып аябай ыйладым го. Мынчалык ыйлаган баланы коргон эмесмин, а бул бала баарын жакшы кором деп айтып ыйлады го. Же чын эле кыргыздын каны бар учун мээрими башкачабы...
+4
Samat777
2018-12-31 19:23:16
Ушундай акылдуу бала болуп чоноюптур.
+2
Kulpunai.kurstanbekkyzy
2018-12-31 19:45:45
Көрүп 1 саат ыйладым!!!
+2
Munar92
2018-12-31 23:22:29
Админ видеосу бсо жуктоп койоулачы жди меня ны корбой калдым
+1
Munar92
2018-12-31 23:22:44
Сураныч
0
Aikaaaa
2019-01-01 13:14:07
Жайнаган туугандары бала төрөлгөндө кайда жүрүшкөн. Эки жашка чейин дет домдо болгон экен, анда кайда жүрүшкөн. Эми минтип чоңоюп алып өзү издеп атат. Француженкага рахмат! Убагында кереги жок болду да, же энеси болбосо, ким ответственный болуп бакамак эле дешти го. Эми кайдан жайдан дагы жайнашат, бул биринчиси эле
+3
Aselya_9105
2019-01-05 00:41:29
Баккан апасы эң мыкты эне экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан