31-декабрь. Жаңы жыл майрамы. Бишкектин тургундары менен коноктору күндүз эле "Ала-Тоо" аянтына чыгып, майрамды кызуу белгилеп баштады. Жаңы жыл үчүн кооздолгон борбордук аянтка эл толуп, кечки майрамдык концертти күтүп жатышат. Миңге чукул адам бир нече сааттан бери "Ала-Тоо" аянтында кармалып турат. Алардын баары бири-бирин куттуктоо, сүрөткө түшүү менен алек.
Аянт жаш балдарга толгон. Алар үчүн сатуучулар атайын товарларын жайып, кызмат көрсөтүшүүдө. Күн сайын автоунаа тынбаган Чүй кең көчөсүнүн "Ала-Тоо" аянты жайгашкан бөлүгү базарга айланыптыр. Балдар кызыккан бардык оюнчуктун түрүн тапса болот. Жаш жеткинчектердин сүйүнүчүн көргөн ата-энелер чексиз бактылуу.
"Ала-Тоо" аянты Аяз ата менен Аяз кыздын айылына айлангандай. Кадам сайын Жаңы жыл майрамынын каармандарын жолуктурууга болот. Алар менен сүрөткө түшүүнү каалаган элдин да саны суюлбайт. Жалпы кооздукка көрк берип борбордук балаты да майрамды тосуп алууга даяр турат. Бири-биринен өткөн сулуу кыздар Аяз кыздын кийиминде жүрүшөт. Баса, аянттан 2019-жылдын каарманы болгон доңуздун кийиминдеги адамдарды да жолуктурууга болот.