Ош шаарындагы жаңы жылдык майрамдан фоторепортаж

Ошто жаңы жылдык майрамга 15 миңге жакын адам күбө болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ош шаарында Жаңы жыл майрамы шаардын борбордук аянтында балдар үчүн даярдалган жомоктордон кыскача үзүндү, Аяз ата, Аяз кыздардын парады оюн-зоок, концерттик программа, спорттук жарыштар менен башталды.

Кечеге шаар мэри Таалайбек Сарыбашов жетектеген мэриянын өкүлдөрү, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме ишканалардын жетекчилери, шаардын тургундары жана меймандары катышты. Шаар жетекчиси жалпы кыргыз элин Жаңы жыл майрамы менен куттуктап сөз сүйлөдү.

Андан соң Ош шаарынын мэриясы тарабынан жаңы жылдык майрамга карата шаар тургундары жана мекеме-ишканалар арасында жарыяланган кароо-сынактардын жеңүүчүлөрүнө баалуу белектер тапшырылды.

Саамалык белгилүү эстрада ырчылары жана фольклордук топтор тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолуп, майрамдык фейерверктер атылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
mirkaa5182
2019-01-01 11:36:07
Ошто сонун өттү...
+2
kamchatka
2019-01-01 11:41:47
Бишкек отдыхаетго Оштун жанында
+6
Adikoo2011.
2019-01-01 11:50:09
Оо менин мекеним тутулуп чонойгон Ош шаарым аябай сагындым Ошту
+4
Dembele84
2019-01-01 12:25:42
Ош жылда сонун тосот жаны жылды,канча мэр алмашса да
+1
erlan2196
2019-01-01 18:38:57
Быйыл элдин баары Жаны жылды озгочо тосушту.
0
kechirmeni
2019-01-02 10:33:17
Жакшы отту аябай, айылдан ата энем келди эле балдарымы кошуп баарыбыз барып келдик. Аллахым бул жылды эн жакшы жылдардан кылсын!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан