Ырчы Айжамал Кабылова “Бир өзүң бол” аттуу ырына клип тарттырды. “Убакыттын тардыгына байланыштуу ыр жарык көргөндөн кийин 1 жарым айдан кийин клип тартылды”,- дейт ырчы. Айтымында, клиптин айрым кадрлары Москвадан жана Шри-Ланкадан тартылган. “Мен ойлогондон бир аз башкачараак болду. Ыр жолдошума арналгандыктан клипке балдарыбызды кошуп тарттырсакпы деп ойлогом. Буга убакыт жетпей калды”,- деди ырчы айым. Ырчы жакында "Жыпарым" аттуу ырына да клип тарттырууну пландап жатканын кошумчалады.