Москвага жумуш издеп барып жердешинен токмок жеп, учурда ооруканада жаткан Замира (аты өзгөртүлдү) аттуу келин башынан өткөн окуяны айтып берди. Ал буга чейин иштегени үчүн айлык акысын ала албай жатат. Анын 2 баласы бар, өзү 30 жашта. Башынан оор мезгилди өткөрүп жатканын Кыргыз өлкөсүндөгү тууган-уругу билбегендиктен, аларды сарсанаа болбосун деп өзү тууралуу маалыматты ачыктабай берүүбүздү суранды.
"Москва шаарына келгениме 2 айдын жүзү болду. Бул жакта бир жумушка кирип жакшы эле иштеп жаткам. Мени менен чогуу иштеген Д.Гүлсүн (ред. аты өзгөртүлдү) аттуу кыз башыма фарфор чайнек менен 5-6 жолу чаап салып, эсимди жоготтум. Ошол маалда эч ким "Тез жардам" чакырып жардам берген жок. Эсиме келгенден кийин өзүм да жакшы болуп калармын деп ооруканага кайрылган жокмун, бирок түнү менен башым ооруп, кусуп, кан басымым көтөрүлүп кетти. Ошондо айлам кетип "Тез жардам" чакырып, ооруканага келдим. Текшерүүлөрдөн өткөн соң мени жатып дарылан дешти. Учурда ооруканадамын", - дейт бизге кайрылган келин.
Д.Гүлсүн аттуу кыз менен келип чыккан чырдын чоо-жайын сурадык. Замиранын айтымында, ал кыз бир нече адамды "жумуш бар" деп чакырып, андан соң аларга Замиранын телефон номерин берип, "ушул номерге чалсаңар даректи берет" дейт. Гүлсүн ошону менен өзүнүн телефонун өчүрүп, дайынсыз жок болуп кетет. Эртеси жумуш издеген 18дей кыз-келин Замирага чалып даректи сурап, айтылган дарекке келип, жумуш сурашат. Ал эми Замира иштеген жерге 4 гана адамдык жумуш оруну болгон. Сыртта калгандар нааразы болуп, жарымы кетип калат да, 5 аял калып калат. Арасынан үчөө бизге жумуш керек деп чакырган кызды таап бер дешет.
"Мен Гүлсүн менен чогуу иштеп, бир жерде чогуу жашайм. Тиги аялдар "аны таап бер, биздин убактыбызды коротуп, башка ишибизди таштап алыстан келгенибиз үчүн акча төлөп берсин" деп кыстаганынан аларды айласыздан үйгө ээрчитип бардым. Уруш ушундан чыкты. "Аларды эмне ээрчитип келесиң?" деп мени үйдөн кууп чыкты. Түнкү саат 2 болчу, барарга жерим жок, жумушка барып кароолчуга окуяны түшүндүрүп айтып, иштеген жеримде 2 күн түнөдүм. 2-январь күнү жумушта майлык үтүктөп жаткам. Ошондо тиги кыз келип мени чайнек менен башка чаап, уруп салды. Мындан соң мен жумуштан кеттим дагы, башка батир издедим. Эптеп бир батир таап, ал жакка кийим-кечемди киргизип, эс алып жаттым, бирок түнү менен ооруп чыккандыктан айласыз ооруканага кайрылдым", - деди Замира.
Каарманыбыздын эки баласын бул жакта туугандары багат. Өзү Москвага биринчи жолу эле барышы. Замиранын айтымында, ага кордук көрсөткөн кыз учурда интернетте ар кандай сөздөрдү жазып, сүрөттөрүн таратып, жаманатты кылып жатат дейт.
"Батирден чыгып кеткенден кийин Гүлсүн мени интернетке жана ар кандай группаларга жаманатты кылып жазып, сүрөттөрүмдү таратып жатат. Ал менин сүрөтүмдү чыгарып, алдына "бул кыздан абайлагыла, мени менен чогуу жашап кеткен кыз. Мен жокто батирден зер-буюмдарымды, баалуу оокаттарымды уурдап чыгып кетиптир. Өзү Москвага 2 жыл мурда келген, бул жакта селсаяк болуп жүрөт" деп жазып жатыптыр. 2 жыл эмес, келгениме 2 гана ай болду. Азыр эми алым жок, толук жакшы боло элекмин. Ооруканадан чыккандан кийин дагы дароо иштеп акча табууга мүмкүнчүлүгүм жок. Ал эми Гүлсүн болсо кепке келе турган эмес. Эгерде дарыланууга кеткен каражатымды көтөрүп берсе, милицияга арыз жазбайт болчумун. Эми бул жактан чыксам анын үстүнөн арыз жазам", - дейт каарман.
Замирага кыргыз жигиттер группага жазылган маалыматтан улам угуп келишип, жардам колун сунушкан. Алар Замираны алгач кыргыздар иштеткен ооруканага алып барышкан. Андан кийин учурда жатып дарыланып жаткан ооруканага которулган. Ошондой эле уккан-билген башка кайрымдуу жердештер келип акыбалын сурап, анын бул абалга келип калышына себепкер болгон кыздын үстүнөн арыз жазууга юристтерди таап беребиз дешкен. Замиранын учурда бир мүдөөсү бар. Ал буга чейин пол, идиш-аяк жууп иштеген жеринен айлыгын ала албай келет. Ал жактын менеджери Замира чалганда "акчаң берилбейт" деп телефон номерин "кара тизмеге" киргизип койгон. Өзү Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчилигине да барып кайрылууга азырынча мүмкүнчүлүгү жок. Ал эми оорукана акысына акча төлөш керек. Бирок ага каражаты жок.
Жакынкы күндөрү бул боюнча экинчи тарапка байланышып, оюн угууга аракет кылабыз.