Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев "Мейкин Азия" фестивалынын катышуучуларын куттуктап, аларга ийгилик каалады

Чолпон-Ата шаарында "Мейкин Азия" фестивалын расмий түрдө маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев ачып, андан соң өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев куттуктоо сөзүн айтты. Фестивалдын маанилүүлүгүн баса белгилеген премьер-министр буларды билдирди: "Бардык катышуучуларды жеке өзүмдүн жана өкмөттүн атынан чын дилден куттуктайм. Элибиздин эзелтен берки келе жаткан меймандостугу, кереметтүү Ысык-Көл келген меймандарды шаңдуу тосуп алып, алардын ийгилигине ортоктош болот деп ишенем".  Учурда калыстар тобу сахнага чакырылууда. Айта кетсек, фестивалга 17 өлкөнүн популярдуу ырчылары катышат. Кыргызстандын атынан 8 ырчы тандалып алынган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан