Магнитогорск шаарындагы кырсыкта уранды алдынан 35 сааттан кийин аман табылган 11 айлык бала эсине келди. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Учурда дарыгерлер кырсык болгон күнү уранды астында калган 11 айлык Ваня Фокиндин үшүк алган бутун сактап калуу аракетин көрүшүүдө.
"Учурда бала эсине келип, апасы менен сүйлөшүп калды. Анын үнү чыгып жатат, демек, абалы жакшырып баштады. Ал суукта узак убакыт уранды алдында жатып калганы дем алуусуна зыянын тийгизген. Башында ал жасалма дем алдыруучу аппаратка жаткырылган болчу. Баланын апасынын психологиялык абалын түшүнсө болот, ага учурда оор болууда. Ал наристесине аябай кабатырланууда. Баласынын абалы жакшырып жаткандыгы анын санаасын бир аз тынчтандырууда", - деп билдирген Орусиянын саламаттыкты сактоо министри Вероника Скворцова.
Ал эми балдар дарыгеринин айтымында, наристе мурунку калыбына келүү үчүн узак убакыт керектелет. Ал бул процесске 1 ай убакыт жетпей турганын белгилеген. Учурда дарыгерлер баланын бутун сактап калуу үчүн болгон күч аракетин жумшап жатышканы маалым.
"Баланын кайра калыбына келүүсүнө көп убакыт керектелет. Ал башында өзү дем ала албай бир топ кыйынчылыктар жаралган. Андан сырткары, бөйрөктөрү начар иштеп, дагы башка көйгөйлөр да бар болчу. Башында бала жашап кете алабы, сынып, үшүк алган оң буту эмне болот деген суроолор болгон. Учурда бала өзү дем алып, айланасындагы адамдарга көңүлүн бурууда. Бул аз болсо да жылыш, андан сырткары ал өзү тамак жеп калды, бул нерсе да бизди сүйүндүрүүдө", - деп билдирген балдар дарыгери жана Илимий-изилдөө институтунун балдар хирургиясы жана сынык бөлүмүнүн жетекчиси Леонид Рошаль.
Окуянын чоо жайына кайрылсак:
Магнитогорск шаарында 31-декабрь күнү таңкы саат 6:00дө көп кабаттуу үйлөрдүн биринен газ түтүгү жарылып, жыйынтыгында 35 батир толугу менен урап түшкөн. Дагы 10 батир жарым-жартылай кыйраган. Кырсыктын кесепетинен 39 адам каза болгон. Кырсык болгон күнү баланын ата-энеси качып чыгууга үлгүрүшкөн, бирок керебетте жаткан баласын чыгара алышкан эмес. 1-январь күнү кечинде иштеп жаткан техникалардын баары убактылуу өчүрүлгөн учурда баланын ыйлаган үнү угулган. Куткаруучулар үн чыккан жердеги урандылардын алдынан 11 айлык Ваня Фокинди табышкан. Анын оң жамбашы сынып, сол бутунун тизесине чейин үшүк алган. Ошол күнү сыртта 26 градус суук болчу.