Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу бар жерлерде көчкүнү атып түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Бишкек-Ош унаа жолунда артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атып түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бишкек-Ош унаа жолундагы коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө максатында 9-январга чейин кар көчкү түшүү коркунучу бар аймактарда артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Кар көчкүлөрүн атайылап атып түшүрүү иштери бүгүн, 8-январда да жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, 5-январдан 7-январга чейин жалпы 58 снаряд атылып, 105 миң куб метр кар көчкү түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан