Чүйдөгү Кой-Таш айылынан чыгып кеткен бойдон дээрлик бир айдан бери дайынсыз болуп жаткан Темиркул Соронбаев изделүүдө

Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери ушул жылдын 11-декабрынан бери дайынсыз болуп жаткан Темиркул Соронбаевди издеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда Чүй ОИИБинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 53 жаштагы Соронбаев Кой-Таш айылындагы мал баккан жайынан 11-декабрдан 12-декабрга караган түнү чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Издөө жарыяланган Темиркул Соронбаевдин бою: 170-175 сантиметр, арык чырай, көздөрү кара, чачы кыска кыркылган, ак чачтары бар. Ошол күнү кара түстөгү свитер, кара түстөгү жинсы шым, бутуна сары түстөгү жайкы бут кийим кийип жүргөн. Аны көргөн-билгендер болсо райондук милиция бөлүмдүн нөөмөт бөлүмүнө 0 (312) 36-35-27, 0701 (67-55-56), 0700 (20-96-66), 0704 (31-25-05), 0552 (22-06-92) же 102 кыска номерине кабарласа болот.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tular
2019-01-08 23:11:58
Кой-Ташта кимдин малын баккан экен? Кой-Ташта жкргиликтуу мындай киши жашачу эмес эле!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан