Өлкөдө 8-январдан 10-январга чейин жаан-чачындуу аба ырайы күтүлүп, жааган кардан тоолуу аймактарда кар көчкү түшүшү күтүлүүдө. Мындай маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы таратты.
"8-10-январь аралыгында жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында жана Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90, 95-130-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл сакталышы зарыл", - деп жазылат маалыматта.
Узак жолго чыккан айдоочулар жана тоо кыркаларына мал жандык издеп, кайтарып чыккандар үчүн кооптуу абал жаралышы ыктымал.