1-январдан тартып Административдик кодекске 2017-жылы киргизилген өзгөрүүлөр күчүнө кирди. Ага ылайык, жол эрежелерин бузгандар, коомдук жайлардагы эреже бузуулар үчүн төлөнүүчү айып пулдун өлчөмү көбөйтүлдү. Эреже бузуулардын катарындагы түкүрүү үчүн 5500 сом айып салынышы эл арасында какшык аралаш нааразычылык жаратты.
Мас абалында унаа башкаргандарга 17 500 сом, 40 чакырымдык ылдамдык чегин бузган айдоочуларга 7500 сом, мас абалындагы адамга унаасын бергендерге 15 000 сом. Жол эрежелерин бузгандар үчүн айып пулдардын көп болушу коррупцияга жол ачат дегендер жок эмес.
Мыйзам ишке киргени менен, анын иштөө механизми түшүндүрүлгөн жок жана бул жаатта иш системдик түрдө аткарылабы-жокпу белгисиз. Өлкөдө элдин өзүн алып жүрүүсүн көзөмөлдөөдөн мурун коррупция, балдарга карата зомбулук өңдүү орчундуу көйгөйлөр бар экени белгилүү.
Коомчулукта орун алган талкууларга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Бийлик коррупцияны жоюу боюнча комплекстүү иштерди аткарбастан эле айып пулдарды өстүрүп салды. Мындай кадамдар элдин нааразычылык толкунун жаратышы мүмкүнбү?" деген соболуна жарандык активист Адил Турдукулов жооп берди.
Ал айып пулдардын өсүшү элдин нааразычылык толкунун жаратышы мүмкүн деген ойго кошула турганын билдирди.
“Менин оюмча, бул жерде эң негизги күнөө Жогорку Кеңеште. Анткени парламенттин ичинде бул долбоор талкууланышы керек болчу. Жогорку Кеңештин комитетинде, пленардык отурумда талкуу болушу шарт эле. Мындан тышкары коомчулук менен тыгыз иштеп, алардын дагы үнүн, сунуштарын, сын-пикирлерин угуп, андан соң бул мыйзам кабыл алынышы керек болчу. Андай болбой, бүт процесс формалдуу өткөн. Мындан улам чийки, бышпаган, элге жат болгон мыйзам кабыл алынды. Мындай көрүнүш парламентте көбүнесе элдин көйгөйүн ойлобогон, өзүнүн бизнесин коргоо үчүн келген адамдар гана чогулганын көрсөтөт. Чийки мыйзамдар чыга берсе элдин нааразычылыгы көбөйүп, өсүп, муну оппозициялык, реваншисттик күчтөр колдонуп кетиши ыктымал. Нааразычылыктарды ого бетер күчөтүп, ошол бийликке дагы түздөн-түз коркунуч алып келиши мүмкүн деген ойдомун.
Айрымдар Европа, Батыш мамлекеттеринде айып пул ошондой, андан да ашып кетет деп салыштырып жатышат. Бирок алар менен салыштыруу туура эмес, анткени, биринчиден, аларда айлык акы 10-20 эсеге көбүрөөк. Экинчиден, ал жерде укук коргоо органдарынын кызматкерлери мыйзам нугунда иштейт. Ошондой систем түзүлгөн. Биздин милиция кызматкерлери айып пул көтөрүлгөндөн кийин ошону колдонуп, жөнөкөй жарандарды коркутуп-үркүтүп өз чөнтөгүнө гана акча алууга аракеттенип баштайт. Бул, албетте, элдин нааразычылыгын жаратпай койбойт. Ошондуктан кооптуу нерсе”, - дейт Турдукулов.
Жогорку Кеңештин депутаты
Мирлан Бакиров, экс-депутаттар
Равшан Жээнбеков, Асия Сасыкбаева, саясат таануучу
Даниел Кадырбеков, укук коргоочулар
Рита Карасартова, Динара Ошурахунова, "Реформа жана жыйынтык үчүн" жарандык бирикмесинин координатору
Тимур Шайхутдиновдун жообу бул
шилтемеде.