Укук коргоочу Рита Карасартова: “Бул реформа өкмөттүн шаштысын кетирип, бул иштин кереги жок экен дегенге чейин жетиши мүмкүн”

1-январдан тартып Административдик кодекске 2017-жылы киргизилген өзгөрүүлөр күчүнө кирди. Ага ылайык, жол эрежелерин бузгандар, коомдук жайлардагы эреже бузуулар үчүн төлөнүүчү айып пулдун өлчөмү көбөйтүлдү. Эреже бузуулардын катарындагы түкүрүү үчүн 5500 сом айып салынышы эл арасында какшык аралаш нааразычылык жаратты.

Мас абалында унаа башкаргандарга 17 500 сом, 40 чакырымдык ылдамдык чегин бузган айдоочуларга 7500 сом, мас абалындагы адамга унаасын бергендерге 15 000 сом. Жол эрежелерин бузгандар үчүн айып пулдардын көп болушу коррупцияга жол ачат дегендер жок эмес.

Мыйзам ишке киргени менен, анын иштөө механизми түшүндүрүлгөн жок жана бул жаатта иш системдик түрдө аткарылабы же жокпу белгисиз. Өлкөдө элдин өзүн алып жүрүүсүн көзөмөлдөөдөн мурун коррупция, балдарга карата зомбулук өңдүү орчундуу көйгөйлөр бар экени белгилүү.

Коомчулукта орун алган талкууларга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Бийлик коррупцияны жоюу боюнча комплекстүү иштерди аткарбастан эле айып пулдарды өстүрүп салды. Мындай кадамдар элдин нааразычылык толкунун жаратышы мүмкүнбү?" деген соболуна укук коргоочу Рита Карасартова жооп берди.

Анын айтымында бийлик айып пулдарды көтөрүүдөн мурда анын аткарылышы тууралуу комплекстүү иштерди жасаган жок. Муну өкмөт моюнуна алышы керек экенин айтты.

“Айып пулга жыгылган ар бир адамдын нааразычылыгы пайда болот. Бийлик коррупцияны жоюу боюнча комплекстүү иштерди аткарбастан айып пулдарды өстүргөнүн моюдарына алышы керек. Жол эрежесиндеги айып пулдар кантип далилденет? Ошондой эле кайсы автоунаа кандай жол эрежесин бузганы боюнча аныктоо иретинде камераларга түшкөн сүрөттөр болушу зарыл. Эгерде жол эрежесин көзөмөлдөөчү камералар толук коюлбаса, бул мыйзам жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлердин чөнтөгүнө иштеп калат.
Бүгүнкү күндө камералар жаңы коюла баштады, бирок бул иштин аткарылышында бир топко чейин баш аламандык болот. Ал эми баш аламандык деген – бул коррупция. Бардык аймактарга видеокөзөмөл орнотуп бүтмөйүнчө өкмөт бул реформанын кереги жок экен дегенге чейин жетиши мүмкүн. Ар бир реформада чечкиндүү кадам болуп, бир топ ишкердин шаштысын кетирет. Мындай көрүнүш бүт эле мамлекеттерде бар. Иш канчалык деңгээлде жолго салынат, бул азыркы өкмөттүн жөндөмдүүлүгүнөн көз каранды. Эгерде өкмөт коомго пайдасы жок иштер менен алектенсе, бул реформанын бардыгы артка кетип, келечеги жок болот”, - деди Карасартова.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Асия Сасыкбаева, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, укук коргоочу Динара Ошурахунова, жарандык активист Адил Турдукулов, "Реформа жана жыйынтык үчүн" жарандык бирикмесинин координатору Тимур Шайхутдиновдун жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан