1-январдан тартып Административдик кодекске 2017-жылы киргизилген өзгөрүүлөр күчүнө кирди. Ага ылайык, жол эрежелерин бузгандар, коомдук жайлардагы эреже бузуулар үчүн төлөнүүчү айып пулдун өлчөмү көбөйтүлдү. Эреже бузуулардын катарындагы түкүрүү үчүн 5500 сом айып салынышы эл арасында какшык аралаш нааразычылык жаратты.
Мас абалында унаа башкаргандарга 17 500 сом, 40 чакырымдык ылдамдык чегин бузган айдоочуларга 7500 сом, мас абалындагы адамга унаасын бергендерге 15 000 сом. Жол эрежелерин бузгандар үчүн айып пулдардын көп болушу коррупцияга жол ачат дегендер жок эмес.
Мыйзам ишке киргени менен, анын иштөө механизми түшүндүрүлгөн жок жана бул жаатта иш системдик түрдө аткарылабы-жокпу белгисиз. Өлкөдө элдин өзүн алып жүрүүсүн көзөмөлдөөдөн мурун коррупция, балдарга карата зомбулук өңдүү орчундуу көйгөйлөр бар экени белгилүү.
Коомчулукта орун алган талкууларга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Бийлик коррупцияны жоюу боюнча комплекстүү иштерди аткарбастан эле айып пулдарды өстүрүп салды. Мындай кадамдар элдин нааразычылык толкунун жаратышы мүмкүнбү?" деген соболуна укук коргоочу Динара Ошурахунова жооп берди. Ал киргизилген өзгөртүүлөр эффективдүү болобу же болбойбу дегенди кароо зарыл экенин айтты.
“Коомчулукта эки пикир жаралып жатат. Биринчи тарап “айыптар менен эрежелерди бузганды токтото алабыз” деп айып пулдун жогорулаганын колдоп жатат. Ал эми экинчи тарап “элдин жашоосу начар, андай акчасы жоктор эреже бузганда айып пулду төлөбөй коюп, бул конфликтке алып барат” деп айтышууда. Эки пикир тең эске алынышы керек. Көңүл бурбай коюуга болбойт. Бийлик баарын жоопкерчиликке тартып, агартуу иштерин өткөрбөсө конфликттер чыгат. Мисалы, айып пулдардын баасын көтөрүп койгон менен, жол коопсуздук кызматкерлери эрежелерди жакшы билбесе, эмнеге айдоочуну токтотконун так айтып бере албаса чыр чыгат. Ошондуктан өкмөт агартуу иштерин жүргүзүшү зарыл.
Бийлик адамы эреже бузуп кармалып калса, ага дагы ошондой эле жоопкерчилик каралабы? Ошондой эле жоопкерчиликке тартылабы? Бир адамга мыйзам иштеп, экинчисине иштебесе реформа токтоп калат”, - деди Ошурахунова.
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Асия Сасыкбаева, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, укук коргоочу Рита Карасартова, жарандык активист Адил Турдукулов, "Реформа жана жыйынтык үчүн" жарандык бирикмесинин координатору Тимур Шайхутдиновдун жообу бул шилтемеде.